Жаңылыктар

ООГАН СОГУШУНДА КУРМАН БОЛГОНДОРДУ ЭСКЕРҮҮ МИТИНГИ БОЛУП ӨТТҮ

14.02.2025  16:50     Кароолор (39)

Бүгүн, 14-февралда Талас шаарынын "Баатырлар" паркында Советтик Армиянын Ооган жергесинен чыгарылгандыгынын эскерүү күнүнө арналган митинг болуп өттү.

Иш-чарага Президенттин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эрмат Джумаев, Талас шаарынын мэри Байышбек Астанакулов, ошондой эле облустук жана шаардык мекеме-ишканалардын жетекчилери, коомдук уюмдардын өкүлдөрү, Ооган согушунун ардагерлери жана шаар тургундары катышты.

Салтанаттуу митингде сөз сүйлөгөн жетекчилер согуштун оор кесепеттери, анда курман болгон баатыр жоокерлердин эрдиги жана алардын элеси түбөлүккө сакталары жөнүндө белгилешти. Ошондой эле, ардагерлерге ар дайым колдоо көрсөтүлөрүн айтып, алардын тынчтыкты сактоодогу салымын жогору баалашты.

Иш-чара согушта курман болгондорду эскерүү мүнөтү менен башталып, эстеликке гүлчамбарлар коюу менен жыйынтыкталды.

Эске салсак, Ооган согушу 1979-жылдын 25-декабрында башталып, 1989-жылдын 15-февралына чейин созулган. Кыргызстандан жети миңден ашуун аскер жөнөтүлгөн. Алардын 252си курман болуп, бир жарым миңдейи жараат алышкан.