14-февраль күнү, Талас шаарындагы А. Огонбаев атындагы балдар музыкалык мектебинде Ооган согушунун ардагерлерине арналган концерттик программа уюштурулду. Бул иш-чара Талас шаарынын мэриясы тарабынан даярдалып, ага Талас шаарынын мэриясынын аппарат жетекчиси Эрмек Окенов, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, ардагерлер жана шаар тургундары катышты.
Концерттик программада таланттуу жаштар жана маданият кызматкерлери патриоттук чыгармаларды аткарып, ардагерлерге көтөрүңкү маанай тартуулашты. Ошондой эле, Ооган согушунун ардагерлерине урмат-сый катары атайын белектер тапшырылды.
Мындан тышкары, саламаттыгынын мүмкүнчүлүгү чектелген, басып-туруу мүмкүнчүлүгү жок ардагерлердин үйлөрүнө барып, алардын абалынан кабар алынды.
Бул иш-чара Ооган согушуна катышкан баатырлардын эрдигин даңазалоо, алардын мекен алдындагы эмгегин эскерүү жана кийинки муунга патриоттук тарбия берүү максатында уюштурулду.