Жаңылыктар

Өспүрүмдөргө коопсуздук чаралары эскертилди

18.07.2025  14:50     Кароолор (5)

Сууга түшүүдө жаш өспүрүмдөр катышкан кырсыктардын алдын алуу максатында Талас шаарында түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү

Өзгөчө кырдаалдар менен милициянын жаш өспүрүмдөр менен иштөө бөлүмү жана башка тийиштүү кызматтардын адистери эл көп чогулган эс алуу жайларын кыдырып, коопсуздук эрежелерин эскертишти.

Айрыкча, сууга түшүүдө чоңдордун көзөмөлү зарыл экендиги белгиленди . Ошондой эле кооптуу жана «Сууга түшүүгө болбойт» деп белгиленген жерлерде сүзүүгө тыюу салынганы эскертилди.