Жаңылыктар

ПИЛОТТУК ДОЛБООРДУН АЛКАГЫНДА ЖАРЫКТАНДЫРУУЧУ КҮН БАТАРЕЯЛАРЫ ОРНОТУЛДУ

10.03.2025  17:00     Кароолор (29)

Талас шаарында энергияны үнөмдүү пайдалануу багытында дагы бир жаңы кадам жасалды. Пилоттук долбоордун алкагында К. Нуржанов атындагы аллеяда үч даана күн батареясы менен иштеген жарыктандыруучу чырак орнотулду.

Бул долбоор шаардын инфраструктурасын жакшыртуу жана энергияны үнөмдөө максатында ишке ашырылды. Күндүз жаратылыш энергиясын топтоп, түнкүсүн жарык чачкан бул заманбап чырактар эс алуучу жайдын коопсуздугун жана ыңгайлуулугун арттырат.

Пилоттук долбоордун натыйжалары баалангандан кийин, келечекте мындай энергияны үнөмдөө технологиялары шаардагы башка аймактарга да кеңири жайылтылат.