Жаңылыктар

ПРЕДМЕТТИК ОЛИМПИАДАНЫН 2-ЭТАБЫ ЖЫЙЫНТЫКТАЛДЫ

24.02.2025  16:00     Кароолор (29)

 24-февраль күнү, Талас шаарынын А. Огонбаев атындагы балдар музыкалык мектебинде 2024-2025-окуу жылындагы предметтик олимпиаданын 2-этабынын жыйынтыгы чыгарылды. Олимпиадага Талас районунун жана шаарынын мектеп окуучулары катышып, мыкты натыйжа көрсөткөн окуучулар менен мугалимдерге мактоо баракчалары жана баалуу белектер тапшырылды.

Бардыгы болуп 276 окуучу олимпиадага катышып, алардын ичинен 53 окуучу 1-, 2- жана 3-орундарга ээ болду.

Лицейлер арасында жеңүүчүлөр:

1-орун – "Манас Ата" Талас лицейи

2-орун – Лицей-комплекс

3-орун – "Талас Мээрим" окуу-тарбия лицейи.

Орто мектептер арасында жеңүүчүлөр:

1-орун – Талас шаарындагы Р. Я. Рысакова атындагы №2 орто мектеп

2-орун – Кара-Ой айылындагы А. Бөрүбаев атындагы орто мектеп

3-орун – Талас шаарындагы А. Чолпонкулов атындагы №1 орто мектеп жана Көк-Токой айылындагы Ш. Шеркулов атындагы орто мектеп.

Олимпиаданын 3-этабы 13-14-март күндөрү өткөрүлөт.

Эскерте кетсек, предметтик олимпиаданын 2-этабы 18-19-февраль күндөрү Талас шаарындагы Р. Я. Рысакова атындагы №2 орто мектепте өткөн.