Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 11-сентябрда, Талас облусуна болгон иш сапарынын алкагында Талас шаары үчүн алынган 30 заманбап электробустун ачкычтарын тапшыруу аземине катышты.
Жаңы электробустар шаар тургундарына ыңгайлуу жана коопсуз шарттарды түзүп, коомдук транспорттун сапатын жакшыртууга өбөлгө болот. Ошондой эле экологиялык жактан таза транспорт катары шаардын айлана-чөйрөсүн коргоого салым кошот.
Бул — Талас шаарынын транспорттук инфраструктурасын жаңылоого багытталган маанилүү кадам.