Жаңылыктар

Президент Садыр Жапаров Таласта КУУнун жаңы окуу корпусун ачты

11.09.2026  15:03     Кароолор (16)

Президент Садыр Жапаров 11-сентябрда Талас шаарындагы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин көп тармактуу институтунун жаңы окуу корпусунун ачылыш аземине катышты.

Жалпы аянты 5600 чарчы метрди түзгөн беш кабаттуу корпус 3000 студентке ылайыкталган. Имарат заманбап жабдуулар, санариптик технологиялар жана атайын лабораториялар менен камсыздалган.

Мамлекет башчысы окуу кабинеттерин кыдырып, окутуучулар менен баарлашты. Президент жаңы корпус аймактын жаштарына сапаттуу жана заманбап билим алууга кеңири мүмкүнчүлүк түзөрүн белгиледи.