Бүгүн, 11-сентябрда, Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун Талас облусуна болгон иш сапарынын алкагында Талас шаарындагы борбордук мечиттин ачылыш аземи өттү.
Төрт кабаттуу мечит бир учурда 4 500 адамды кабыл алууга ылайыкталган. Анда кенен намаз окуу залдары, диний билим берүү жана коомдук иш-чараларды өткөрүү үчүн атайын бөлмөлөр каралган.
Мамлекет башчысы мечитти кыдырып, анын шарттары жана жабдылышы менен таанышты.
Аземдин соңунда Куран окулуп, бата берилди.