Бүгүн, 31-январда Талас шаарынын мэриясынын жыйындар залында пробация чөйрөсүндөгү ишмердүүлүктүн натыйжалуулугун талдоо боюнча жыйын өттү. Жыйынга Талас шаарынын мэриясынын аппарат жетекчиси Эрмек Окенов, Талас облустук пробация бөлүмүнүн адистери жана шаардык мекеме-ишканалардын жетекчилери катышты.
Жыйында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 31-декабрындагы №641 токтомуна ылайык 2024-жылга карата жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана өз алдынча башкаруу органдарынын пробация тармагындагы ишин баалоонун жыйынтыктары тууралуу маалымат берилди. Мындан тышкары, коомдук иштер түрүндө жаза чараларын аткаруунун механизмдери жана анын жергиликтүү деңгээлде ишке ашырылышы талкууланды.
Эске салсак, пробация бөлүмү тарабынан коомдук жумуштарга тартылган адамдар жергиликтүү муниципалдык ишканаларда ар кандай иштерди аткарышат. Бул алардын коомго кайра аралашуусуна жардам берип, коомдук пайдалуу эмгек аркылуу жоопкерчилик сезимин жогорулатууга багытталган. Бул иш-аракеттер шаардын көркүнө көрк кошуп, коомдук тартипти сактоого да көмөк көрсөтөт.