Жаңылыктар

ПРОКУРАТУРА КЫЗМАТКЕРЛЕРИНИН КҮНҮ БЕЛГИЛЕНДИ

20.11.2024  17:00     Кароолор (19)

2024-жылдын 20-ноябрында Талас шаарында Кыргыз Республикасынын прокуратура кызматкерлеринин кесиптик күнү белгиленди. Ага Кыргыз Республикасынын Президентинин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Талант Эдилов, Талас шаарынын мэриясынын аппарат жетекчиси Эрмек Окенов, облустук мекеме жетекчилер жана прокуратура кызматкерлери катышышты.

Өз учурунда Талас шаарынын мэриясынын аппарат жетекчиси Эрмек Окенов майрам ээлерин куттуктап жатып, мамлекеттик башкаруу системасында мыйзамдуулуктун жана тартиптин сакталышын көзөмөлдөөдө прокуратура кызматкерлеринин салымы чоң экенин белгиледи.

Иш-чаранын жүрүшүндө кызматтык милдеттерин ак ниет аткаргандыгы үчүн эмгек алдынкыларына КР Президентинин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын жана Талас шаарынын мэриясынын төш белгилери, ардак грамоталары тапшырылды.

Белгилей кетсек, 22-ноябрь Кыргыз Республикасынын прокуратура кызматкерлеринин күнү катары 2000-жылдан тарта расмий белгиленип келет. 1924-жылдын 22-ноябрында РСФСРдин Кара-Кыргыз Автоном облусунун Революциялык комитетинин Президиумунун токтому менен областтын юстиция Элдик комиссариатынын системасында 15 адамдан турган биринчи кыргыз көзөмөл органы - элдик прокуратура түзүлгөн. Ага ылайык быйыл Кыргыз Прокуратурасынын 100 жылдыгы белгиленүүдө.