Жаңылыктар

Сагын Абдуллаев атындагы музей ачылды

18.11.2025  17:13     Кароолор (4)

Бүгүн, Талас шаарындагы №6 Сагын Абдуллаев атындагы орто мектебинде белгилүү педагог жана коомдук ишмер Сагын Абдуллаевдин жаркын элесине арналган музей ачылды.

Иш-чарага Талас шаарынын вице-мэри Айбек Көчөрбаев, мугалимдер, окуучулар катышты.

Музейде Сагын Абдуллаевдин өмүр жолу жана эмгек тарыхы чагылдырылган сүрөттөр, анын күнүмдүк жашоосунда колдонгон жеке буюмдары жана педагогдук ишмердүүлүгүнө байланышкан материалдар жайгаштырылды.