Талас шаарынын мэри Нургазы Асылбековдун жетекчилиги алдында жыйын өтүп, ага облус борборундагы мекеме-ишканалардын жетекчилери катышты.
Жыйындын жүрүшүндө шаар аймагында аткарылып жаткан иштердин жүрүшү боюнча маселелер каралып, негизги багыттар боюнча маалыматтар угулду.
Ошондой эле коммуналдык кызматтар, тазалык, курулуштар, социалдык маселелер жана алдыдагы иш-чаралар кеңири талкууланды. Буга кошумча Эгемендүүлүктүн 35 жылдыгына карата даярдык боюнча маселе талкууланып, иш-чараларды жогорку деңгээлде уюштуруу жана өткөрүү зарылдыгы белгиленди.
Жыйынтыгында шаар мэри Нургазы Асылбеков тарабынан тийиштүү кызматтарга тапшырмалар берилди.