Жаңылыктар

ШААР МЭРИ Э. КУТМАНАЛИЕВ АТЫНДАГЫ СТАДИОНДУН АБАЛЫ МЕНЕН ТААНЫШТЫ

05.09.2024  16:37     Кароолор (22)

 Э. Кутманалиев атындагы стадиондун курулуш иштеринин сапатын текшерүү боюнча мэрдин буйругунун негизинде комиссия курамы түзүлүп, жеринде барып текшерүү иштери жүргүзүлгөн. Жыйынтыгында төшөлгөн резиналар боюнча айрым кемчиликтер аныкталып, подрядчы ОсОО “М-САР”га кемчиликтерди калыбына келтирүү талап кылынган.

Бүгүн, 5-сентябрда Талас шаарынын мэри Байышбек Астанакулов Э. Кутманалиев атындагы стадионго барып, андагы көйгөйлөр менен таанышып чыкты. Анда калаа башчы буга чейинки реконструкция иштеринин жүрүшүндө жаралган кемчиликтерди кайрадан жөнгө салуу керектигин айтып, мүчүлүштүктөрдү калыбына келтирүү жана реконструкция иштерине жаңы долбоорлорду пландаштыруу боюнча тапшырмаларды берди.

Эске салсак, Талас шаарындагы Э. Кутманалиев атындагы стадион 1989-жылы ашар жолу менен курулган. Стадион пайдаланууга берилгенден бери утурумдук гана оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүп келсе, былтыр 2023-жылы жергиликтүү бюджеттен жана Президенттин фондунан каражат бөлүнүп, стадиондун трибунасындагы отургучтары, тепкичтер заманбап талаптарга келтирилген. Буга кошумча толугу менен стадиондун чуркоочу аянтына резина плиткалар төшөлгөн