26-февраль күнү, Талас шаарынын мэриясынын жыйындар залында Талас шаарынын мэри Байышбек Астанакулов укук коргоо органдары менен биргеликте мекеме-ишкана, мектеп, бала бакча жетекчилери жана бухгалтерлерине жыйын өткөрдү.
Жыйындын күн тартибине бир катар маанилүү маселелер киргизилип, тиешелүү талкуулар жүрдү.
Жыйындын негизги багыттары:
-Коррупцияга каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү мыйзам актыларына киргизилген өзгөртүүлөр жөнүндө маалымат берилди.
-Коррупциялык көрүнүштөрдү азайтуу алдын алуунун натыйжалуу чараларын колдонуу маселеси көтөрүлдү.
-Өспүрүмдөр арасында укук бузуулардын алдын алуу үчүн мектептерде жана коомчулукта түшүндүрүү иштерин күчөтүү зарылдыгы белгиленди.
-Жол кыймылынын эрежелерин сактоо боюнча жарандар арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү маселеси талкууланды.
-Кырсыктардын санын азайтуу боюнча тиешелүү чаралар сунушталды.
-Криптовалюта жана алдамчылык схемалары тууралуу калкка маалымат берүүнүн маанилүүлүгү баса белгиленди.
-Финансылык коопсуздук боюнча эл арасында кеңири түшүндүрүү иштерин жүргүзүү сунушталды.
Жыйындын соңунда калаа башчы Байышбек Астанакулов жарандардын коопсуздугун жана мыйзамдуулукту камсыз кылуу – шаар бийлиги менен укук коргоо органдарынын башкы милдеттеринин бири экенин белгиледи.