"Талас Жашыл Чарба" муниципалдык ишканасы өз алдынча иш алып бара баштагандан бери жашылдандыруу жаатында бир топ иштер аткарылып, аны менен катар ишкананын алдында питомник менен күнөскана негизделген. Бүгүнкү күндө аталган жайда шаарды көрктөндүрүү үчүн көчөттөр даярдалып келет.
29-августта калаа башчы Байышбек Астанакулов "Талас Жашыл Чарба" муниципалдык ишканасынын карамагындагы питомник жана күнөсканага барды. Жашыл чарба ишканасынын ишмердүүлүгү менен таанышуунун алкагында мэр Байышбек Астанакулов питомникте өстүрүлүп жаткан көчөттөрдү жана гүлдөр эгилчү күнөскананы көрүп чыкты. Шаар мэри андагы айрым кемчиликтерди баса белгилеп, аларды жөнгө салуу боюнча тапшырмаларды берди. Аны менен катар аталган ишкананын техникалары үчүн ар кандай аба-ырайынан коргоо максатында үстү жабык жай (гараж) куруу демилгесин айтып, бул боюнча ишкана жетекчилигине тапшырма берди. Буга кошумча чарбага зарыл болгон муктаждыктарды чечүү жана ишкананын ишин алдыга жылдыруу боюнча өзүнүн демилгелүү сунуштарын айтты. Ошондой эле Талас шаарынын саркынды суу топтолуучу жайында болуп, андагы көйгөйлүү маселелерден кабар алды.