3-мартта Талас шаарындагы №8 орто мектептин жыйындар залында шаар тургундары менен жолугушуу өттү.
Жолугушууга Талас шаарынын мэринин орун басары Айбек Көчөрбаев, Талас шаардык шаардык кеңешинин төрагасы Калыс Джаныбеков, шаардык кеңештин депутаттары жана муниципалдык ишканалардын жетекчилери, шаар тургундары катышты.
Жыйында эл тарабынан таза суу киргизүү, балдар аянтчасын тазалоо жана тосмо иштерин жүргүзүү, кургак учукка каршы оорукананын жайгашуусу, №8 мектептин ордуна жаңы мектеп куруу, ошондой эле «Жаштык» конушунда бала бакча жана мектеп жетишсиздигибоюнча маселелер көтөрүлдү.
Айтылган сунуш-пикирлер талкууланып, андан ары кароо үчүн жооптуу түзүмдөргө тапшырмалар берилди. Маселелерди чечүү жана каржылоо жагы тиешелүү комиссияларда каралары белгиленди.