Жаңылыктар

Шаар тургундарынын көйгөйлөрү угулду

15.06.2026  15:55     Кароолор (5)

Талас шаарынын мэри Нургазы Асылбеков жарандарды кабыл алып, алардын кайрылууларын укту.

Кабыл алуу учурунда шаар тургундары тарабынан социалдык маселелер, таза суу жана канализация тармактары, көчөлөрдү оңдоо, ошондой эле шаардык инфраструктураны жакшыртууга байланышкан сунуштар айтылды. Коомдук уюмдардын өкүлдөрү да шаарды өнүктүрүү боюнча өз ойлорун билдиришти.

Ар бир кайрылуу боюнча тиешелүү кызматтарга тапшырмалар берилип, маселелерди мыйзам чегинде чечүү жолдору каралды. Шаар жетекчиси тургундардын көйгөйлөрүнө көңүл буруу жана аларды этап-этабы менен чечүү мэриянын негизги багыттарынын бири экенин белгиледи.

Мындай жолугушуулар шаар тургундары менен жергиликтүү бийликтин ортосундагы байланышты чыңдап, актуалдуу маселелерди өз убагында чечүүгө мүмкүнчүлүк түзөт.