Жаңылыктар

ШААРДЫН ТАЗАЛЫГЫ – ЖАЛПЫБЫЗДЫН МИЛДЕТИБИЗ!

01.08.2026  16:24     Кароолор (49)

🌿Шаарды таза кармоо максатында Таласта жума сайын ишембилик өткөрүлүп жатат. Бул иш-чарага мекеме-ишканалардын жетекчилери, кызматкерлери активдүү катышып,  шаардын тазалыгына өз салымдарын кошууда.

✔️Бирок тилекке каршы, айрым тургундар жана жеке ишкерлик субъектилери бул демилгеге кайдыгер мамиле кылып келишет.

❗Ар бир соода түйүнү, кафе, дүкөн, кеңсе жана башка жеке менчик объектилер өздөрүнө тиешелүү аймакты таза кармоого милдеттүү. 
❗Жеке турак жайлардын ээлери үйдөн жолго чейинки аймактарын өздөрү тазалоого милдеттүү !

Таза жана көрктүү Талас – ар бирибиздин аракетибизден жаралат. Тазалыкты бирөөдөн күтпөйлү, өзүбүздөн баштайлы!