Жаңылыктар

Шайлоо боюнча даярдык маселелери талкууланды

04.11.2025  12:08     Кароолор (33)

2025-жылдын 5-ноябрында Талас шаарындагы А.Огонбаев атындагы балдар музыкалык мектебинде «КР Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоонун өзгөчөлүктөрү» аттуу семинар өттү.

Семинарга КР Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Абдыжапар Бекматов, Талас шаардык кеңешинин төрагасы Калыс Джаныбеков, Талас шаарынын мэриясынын аппарат жетекчиси Анарбек Ибралиев, ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү катышышты.

Иш чаранын жүрүшүндө шайлоо мыйзамдарындагы өзгөртүүлөр, анын өзгөчөлүктөрү жана шайлоо процессинде жарандардын, аялдардын, жаштардын, мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын активдүү катышуусун камсыздоо маселелери талкууланды