Жаңылыктар

Социалдык контракт алгандарга мониторунг жүргүзүлдү

08.09.2025  13:30     Кароолор (38)

Быйыл Талас шаарына социалдык контракт долбоорунун негизинде мамлекет тарабынан 70 квота бөлүнгөн. Анын негизинде жыл башынан бери 43 аз камсыз үй-бүлөгө 150 миң сомдон берилген. Калган квотага дагы 20 арыз келип түшүп, алардын иш пландары менен таанышуу үчүн жеринде жолугушуулар өткөрүлдү.

Мындан тышкары, 2024-жылы социалдык контракт алган 4 үй-бүлөдө көйгөйлөр жаралып, жеринде түшүндүрүү иштер жүргүзүлдү. Белгилей кетсек Талас шаардык мэриясы, Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгы менен биргеликте мониторинг жүргүзүп келет.