Жаңылыктар

Социалдык контракт алууга арыз калтырган үй-бүлөлөргө мониторинг жасалды

17.07.2025  11:44     Кароолор (6)

2025-жылдын 16-июлунда Талас райондор аралык эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгы тарабынан социалдык контракттын негизинде аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө көзөмөл иш-чарасы жүргүзүлдү.

“Социалдык контракт” алууга Талас шаары боюнча 56 арыз түшкөн. Аларды карап чыгуу үчүн атайын комиссия түзүлүп, 56 үй-бүлө менен жеринен таанышуу иштери жүргүзүлдү.

Социалдык контракттын шарттарына ылайык, тандалып алынган үй-бүлөлөр 150 000 сом алышат. Бирок каражатка ээ болуу үчүн талапкерлер ишкердикке байланыштуу бизнес-пландарын сунуштоого тийиш. Бизнес-пландар атайын комиссия тарабынан каралып, колдоо тапкан долбоорлорго гана каржылык жардам көрсөтүлөт.