Талас шаарынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгына жалпысынан 20 арыз түшүп, алардын ичинен 18и канааттандырылып, 2 арыз кайтарылды.
Социалдык контракт алууга берилген бизнес-пландар атайын комиссия тарабынан каралды. Жыйын Талас шаарынын мэриясынын кичи жыйындар залында өтүп, анда арыз ээлери өз долбоорлорун тааныштырып, суроолорго жооп беришти.
Белгилей кетсек, мындай мүмкүнчүлүк аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө мамлекет тарабынан 150 миң сомго чейин каражат бөлүү менен жеке бизнес-долбоорлорун ишке ашырууга жана үй-бүлөлөрдүн экономикалык абалын жакшыртууга шарт түзөт.