Жаңылыктар

Сот кызматкерлеринин кесиптик күнү белгиленди

05.03.2026  10:53     Кароолор (4)

5-март сот кызматкерлеринин кесиптик күнүнө карата Талас шаарындагы А.Огонбаев атындагы балдар музыкалык мектебинде салтанаттуу иш-чара өттү.

Сот кызматкерлерин КР Президентинин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эрмат Джумаев , Талас шаарынын мэри Нургазы Асылбеков жана облустук мекемелердин башчылары куттуктап, иштерине ийгилик каалашты. Жетекчилер өз сөзүндө өлкөдө мыйзамдуулукту жана адилеттүүлүктү камсыз кылууда сот кызматкерлеринин орду өзгөчө экенин белгилешти.

Кесиптик майрамга карата уюштурулган иш-чарада сот кызматкерлерине белектер тапшырылды