Жаңылыктар

Студенттер мэриянын ишмердүүлүгү менен таанышты

31.03.2026  15:09     Кароолор (9)

31-мартта Талас мамлекеттик юридикалык колледжинин студенттери Талас шаардык мэриясынын ишмердүүлүгү менен жеринен таанышышты. Студенттерди мэриянын аппарат жетекчиси Анарбек Ибралиев кабыл алып, мекеменин иш багыттары, түзүмү жана бөлүмдөрү тууралуу кеңири маалымат берди.
Жолугушуунун жүрүшүндө студенттер кызыктырган суроолоруна жооп алышты. Өз кезегинде Анарбек Ибралиев келечектеги кесип ээлерине ийгилик каалап, изденүү менен жакшы окууга чакырды