Жаңылыктар

СУУ ТАШКЫНЫ ЖАНА СЕЛ КЫРСЫКТАРЫНА ДАЯРДЫК БОЮНЧА ТЕКШЕРҮҮ ИШ-ЧАРАЛАРЫ ӨТКӨРҮЛДҮ

22.05.2025  14:29     Кароолор (18)

Бүгүн, 22-майда Талас шаарында жай мезгилинде күтүлүүчү суу ташкыны жана сел кырсыктарына даярдыкты текшерүү боюнча атайын иш-чара өткөрүлдү. Бул иш-чара Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын тапшырмасынын жана Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлдүн буйругунун негизинде уюштурулду.

Текшерүү Талас шаарынын мэриясынын буйругуна ылайык өткөрүлүп, атайын түзүлгөн комиссия тарабынан жүргүзүлдү. Комиссияны Талас шаарынын мэриясынын аппарат жетекчиси Э.Дж. Джаманбалаев жетектеп, курамында ӨКБнин жана анын бөлүмдөрүнүн жетекчилери болду.

Иш-чаранын алкагында шаардагы бардык мекеме-уюмдардын Жарандык коргонуу башчылары мэриянын алдына тиешелүү техника жана жабдууларды алып келип, даярдык абалын көрсөтүштү. Ошондой эле, комиссия мүчөлөрү суу каптоо коркунучу жогору болгон аймактарды жеринде кыдырып чыгып, алдын алуу чараларын талкуулашты.

Талас шаарынын мэриясы бул иш-чара шаардыктардын коопсуздугун камсыз кылууга жана табигый кырсыктарга өз учурунда жана ыкчам жооп кайтарууга багытталганын белгилейт.