Жаңылыктар

СУУ ТҮТҮКТӨРҮН ОРНОТУУ ИШТЕРИ ТЕКШЕРИЛДИ

21.07.2025  10:00     Кароолор (5)

Талас шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Айбек Көчөрбаев жана шаардык кеңештин төрагасы Калыс Джаныбеков, шаардык кеңештин депутаттары менен биргеликте Бердике баатыр көчөсүнө канализация түйүнүн кошуу иштери менен жеринен таанышышты.

Аталган көчөгө саркынды суу түтүктөрүн орнотууга каражат жергиликтүү бюджеттен бөлүнгөн. Жалпы суммасы 37 миллион сом.

Мындан тышкары Байдылда Сарногоев жана Үмөт Молдо көчөлөрүнө барып таза суу киргизүү жана жаңы түтүктөрдү тартуу жумуштарына көзөмөл жасашты. Долбоорго республикалык бюджеттен 105 миллион сом каралып, жумушту подрядчы компания аткарууда.