Жаңылыктар

СУУСАМЫР-ТАЛАС-ТАРАЗ УНАА ЖОЛУНДАГЫ БАШАЛАМАН КӨРНӨК-ЖАРНАКТАР АЛЫНУУДА

18.11.2024  11:58     Кароолор (24)

№19 Жол тейлөө ишканасы тарабынан Талас шаары аркылуу өткөн эл аралык маанидеги Ч. Айтматов көчөсүндө мыйзамсыз жайгашкан жарнама калкандарды жана курулуштарды алуу иштери жүрүп жатат.

Анын алкагында иретсиз илинген башаламан көрнөк-жарнактар мыйзамдын талабына ылайык келтирилип, Ч. Айтматов көчөсүнүн архитектуралык, көркөм-эстетикалык көрүнүшү жакшыртылууда.