«Талас жылуулук камсыздоо» муниципалдык ишканасынын жетекчиси Ильясбек Алибеков Жогорку Кеңештин Ардак грамотасы менен сыйланды.
Сыйлоо аземи Бишкек шаарында өттү. Өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө салым кошкон ар кыл тармактын алдыңкыларын Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Жылдыз Садырбаева куттуктап, сыйлыктарды тапшырды. Ар бир тармактын мыктыларына «Ардак грамота» жана медалдар тапшырылды . Бул катарда Талас шаардык мэриясына караштуу «Талас жылуулук камсыздоо» муниципалдык ишканасынын жетекчиси да болду.