Жаңылыктар

ТАКСИ КАТТАМДАРЫ ИРЕТКЕ КЕЛТИРИЛЕТ

24.12.2024  12:40     Кароолор (34)

Бүгүн, 24-декабрда Талас шаарынын борбордук базарынын тегерегиндеги такси каттамдарын жөнгө салуу маселеси Талас шаарынын мэриясында өткөрүлгөн комиссиялык кеңешмеде каралды.

Ага мэрдин биринчи орун басары Эркин Аскаров жана тиешелүү мекемелердин жетекчилери, комиссия мүчөлөрү катышты.

Кеңешмеде базардын тегерегиндеги унаа кыймылын тартипке келтирүү, тыгындардын алдын алуу жана жүргүнчүлөрдүн коопсуздугун камсыздоо маселелери талкууланды.

Буга кошумча Талас районуна каттам жүргүзгөн такси кызматтарын Талас шаарындагы автобекетке, Айтматов жана Манас районунан келген каттамдар Талас автовокзалына жайгаштырууну жана Бакай-Ата районунан каттам жүргүзгөн авто унаалар А.Оторбаев көчөсүндөгү "Ордо" жана "Сатыкей" соода борборлорунун астына жылдырууну комиссия мүчөлөрү бир добуштан колдошту.