Жаңылыктар

«ТАЛАС АРЕНА» СТАДИОНУНУН АЧЫЛЫШЫ 2-НОЯБРДА ӨТӨТ

15.10.2026  17:29     Кароолор (30)

Талас шаарындагы 5 миңден ашуун көрүүчүгө ылайыкталган «Талас Арена» стадионунун салтанаттуу ачылышы 2-ноябрда өтөт. Комплексте табигый чөп төшөлгөн негизги оюн талаасы, чуркоо жолдору, машыгуу жана кичи оюн аянтчалары, спортчулар үчүн керектүү жайлар каралган.

Ачылыш аземи Жогорку лиганын 29-турунун алкагындагы «Талант» жана «Азия» футбол клубдарынын беттеши менен уланат.