26-августта К. Медетбеков атындагы Талас облустук драма театрында “Билим берүүгө 100 жыл: трансформация чакырыктар жана жаңы горизонттор” темасында билим берүү кызматкерлеринин август кеңешмеси өттү.
Иш-чарага Талас шаарынын мэри Байышбек Астанакунов, Талас райондук жана шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы Т.Момоконов, ошондой эле билим берүү мекемелеринин жетекчилери, директорлор, мугалимдер жана балдар бакчаларынын тарбиячылары катышты.
Калаа башчысы Байышбек Астанакунов кеңешмеде сүйлөп, мугалимдерди жаңы окуу жылы менен куттуктап, алардын билим берүү жана тарбиялоо иштерине кошкон салымы үчүн ыраазычылык билдирди. Ал окуучуларга, мугалимдерге чың ден соолук жана иштерине ийгиликтер каалады.
Кеңешменин жүрүшүндө Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан даярдалган билим берүүгө багытталган презентациялар көрсөтүлдү.
Белгилей кетсек, Талас облусунда 113 мектеп жана мектепке чейинки 78 билим берүү мекемеси бар. Бул мектептерде жалпы 58 450 окуучу билим алып, 3 815 мугалим сабак берет.