24-сентябрь күнү, Талас мамлекеттик университетинде “Кыргыз ССРинин мамлекеттик тили жөнүндө” мыйзамынын кабыл алынгандыгынын 35 жылдыгына арналган “Тил- улуттун жан дүйнөсү” аталышында иш-чара болуп ѳттү.
Ага шаар мэри Байышбек Астанакулов, Талас мамлекеттик университетинин ректору, профессор Жыргалбек Шаршембиев, окутуучулар жана ЖОЖдун студенттери катышты. Анда калаа башчы Байышбек Астанакулов куттуктоо сѳз сүйлѳп, иш-чаранын жалпы катышуучуларын КР Мамлекеттик тил күнү менен куттуктады. Концерттик программанын алкагында Манас айтылып, кыргыз тилин даңазалаган ырлар көркөм окулду. Ошондой эле көрүүчүлөр үчүн сахналаштырылган сценка коюлуп, тил күнүнѳ арналган иш-чара жогорку уюшкандыкта ѳттү.