Жаңылыктар

ТАЛАС МЕНЕН АРЗАМАС: ДОСТУК МАМИЛЕ ЖАҢЫ ДЕҢГЭЭЛГЕ КӨТӨРҮЛДҮ

03.07.2025  17:50     Кароолор (2)

3-июлда Россия Федерациясынын Нижегородск облусунун Арзамас шаарынын мэри А.А. Щелоковдун жетектеген делегация Талас шаарына иш сапары менен келди. Меймандарды аэропорттон Талас шаарынын мэри Байышбек Астанакулов, шаардык кеңештин төрагасы Калыс Джаныбеков , мэрдин орун басары Айбек Көчөрбаев жана мекеме-уюмдардын жетекчилери тосуп алышты.

Эки тараптуу жолугушуу Талас шаардык мэриясынын жыйындар залында улантылып, ар тараптуу кызматташтыкты бекемдөө максатында расмий макулдашууга кол коюлду.

Сапардын алкагында делегация Р. Рысакова атындагы №2 орто мектебине жана “Өзөн Ата” сыр заводуна барып кенен таанышышты.

Белгилей кетсек, бул жолугушуу эки шаардын маданий, билим берүү жана экономикалык тармактарындагы кызматташтыгын жаңы деңгээлге көтөрүүгө багытталган.