Жаңылыктар

ТАЛАС ОБЛУСТУК ЛИЦЕЙ КОМПЛЕКСИНИН ОКУУЧУЛАРЫ РЕСПУБЛИКАЛЫК СЫНАКТАРГА ЖОЛ ТАРТТЫ

30.04.2025  15:46     Кароолор (8)

Бүгүн Талас шаарынын мэри Талас облустук Лицей комплекстин окуучуларын кабыл алып, аларга ийгилик каалады. Окуучулар Улуу Ата Мекендик согуштун 80 жылдыгына карата өткөрүлгөн мектептер аралык сынактарда мыкты көрсөткүчтөргө жетишип, облустук жана шаардык деңгээлде алдыңкы орундарды алышкан.

Атап айтканда, футбол боюнча 1-орунду ээлеп, ошондой эле “Жоокер ыры” кароо-сынагында да жеңишке жетишкен. Эми бул окуучулар Талас облусунун намысын коргоп, республикалык деңгээлде катышышат. Футбол боюнча Жалал-Абад шаарында өтө турган сынакка, ал эми “Жоокер ыры” боюнча Бишкек шаарында боло турган кароо-сынакка барып күч сынашат.