Жаңылыктар

Талас облусунун коллегиялык жыйыны болуп өттү

20.02.2026  16:15     Кароолор (9)

Облустун 2025-жылдагы жыйынтыгын чыгарган отурумга КР Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев, КР Президентинин Администрациясынын уюштуруу иштери жана аймактар менен өз ара аракеттенүү бөлүмүнүн мамлекеттик инспектору Илимбек Джумагулов, КР Президентинин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эрмат Джумаев, Талас шаарынын мэри Нургазы Асылбеков, ошондой эле облус аймагындагы мекеме-ишканалардын жетекчилери жана кызматкерлери катышты.

Күн тартибинде Талас облусунун 2025-жылдагы социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктары боюнча маселе каралып, өткөн жыл ичинде аткарылган иштер тууралуу кеңири маалыматтар берилип, презентация көрсөтүлдү.

Мындан тышкары отурумда жыл мыктылары аныкталды. 
“Жылдын мыкты району” деп Манас району табылып, КР Президентинин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү тарабынан  50 миң сом акчалай сыйлык тапшырылды.
“Жылдын мыкты айыл өкмөтү” деп  Шумкар-Уя айыл өкмөтү табылып, 30 миң сом сертификат менен сыйланды.
“Мыкты мекеме” деп Талас облустук биргелешкен ооруканасы аныкталып, 10 миң сом акчалай сыйлыкка ээ болду. 
Мындан тышкары облус аймагындагы мыкты жетекчилерге жана ишкерлерге  5 миң сомдон тапшырылды.

Облустук коллегиянын жыйынтыгында тиешелүү чечимдер кабыл алынып, өлкө жетекчили тарабынан коюлган тапшырмаларды так жана жоопкерчилик менен аткаруу талабы коюлду.