Жаңылыктар

«Талас шаардык автобекети» муниципалдык ишканасына жаңы жетекчи дайындалды

05.08.2026  15:51     Кароолор (84)

Талас шаарынын мэринин буйругуна ылайык, Качканаков Замир Барпыгулович «Талас шаардык автобекети» муниципалдык ишканасынын жетекчиси болуп дайындалды.

Жаңы жетекчини ишкананын жамаатына мэрдин орун басары Айбек Көчөрбаев тааныштырды. Ал жаңы жетекчиге ийгиликтерди каалап, ишкананын алдына коюлган милдеттерди сапаттуу аткарууга өзгөчө көңүл буруу зарылдыгын белгиледи.