Бүгүн, 17-февраль, Талас шаарынын мэриясынын жыйындар залында IX чакырылыштагы Талас шаардык кенешинин IV сессиясы болуп өттү. Сессиянын күн тартибинде шаардык жашоону өнүктүрүү жана муниципалдык башкарууну чыңдоого багытталган бир катар маанилүү маселелер каралды. Сессияга Талас шаардык кеңешинин төрагасы Калыс Джаныбеков, төраганын орун басарлары Азис Курамаев, Алибий Джуманов, мэрдин орун басары Эркин Аскаров, шаардык кеңештин депутаттары, тиешелүү мекеме, ишкана жетекчилери жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү катышты.
Күн тартибинде төмөнкү маанилүү маселелер каралды:
1. Депутаттардын Талас шаардык кенешинин Регламентин бекитүү;
2. Токтомду мамлекеттик тилде кабыл алуу
3. Депутаттардын Талас шаардык кенешинин 2025-жылга карата Иш Планын бекитүү
4. Депутаттардын Талас шаардык кенешинин 19.07.2023-жылдагы №191
токтомунун 1-3-пункттарын жокко чыгаруу жана муниципалдык жер
тилкелерин жеке менчикке сатуу, муниципалдык токой фондусунун жер
тилкелерин ижара шартында убактылуу пайдаланууга берүүгө тыюу салуу
5. “Талас шаардык муниципалдык менчик башкармалыгы” муниципалдык ишканасынын
2024-жылга карата ишмердүүлүгү
6. “Таза Суу” муниципалдык ишканасынын 2024-жылга карата ишмердүүлүгү
7. Талас шаарына коммуналдык кызмат көрсөтүү боюнча муниципалдык
ишканасынын 2024-жылга карата ишмердүүлүгү
8. “Талас жашыл чарба” муниципалдык ишканасынын 2024-жылга карата ишмердүүлүгү
9. “Талас жылуулук” муниципалдык ишканасынын 2024-жылга карата
ишмердүүлүгү
10. Талас шаарынын жергиликтүү бюджетинин 2024-жылга карата аткарылышы
жана республикалык бюджеттен келген каражаттардын пайдаланылышы
11. Талас шаарынын социалдык-экономикалык жана маданий жактан өнүгүү
программасынын аткарылышы
12. Талас шаарынын мэриясынын резервдик фонду жөнүндө жобосун бекитүү
13. 2025-2027-жылдарга Талас шаарынын аймагында жайгашкан турак имараттар
жана орун жайлардын ставкаларын бекитүү
14. “Талас жол чарба” муниципалдык ишканасын ачууга макулдук
15. Талас шаарынын Ч.Айтматов көчөсү менен Э.Мадиев көчөлөрүнүн
кесилишинин түндүк-батыш тарабында жайгашкан автобекетти жер участогу
менен муниципалдык менчикке кабыл алууга макулдук
16. Талас шаарындагы А.Алдашукуров көчөсү №55, 55а, 55в дарегиндеги жер
участогуна курулуучу мектептин 3.0 га жер участогун эки жылдык мөөнөткө
акысыз пайдаланууга макулдук
17. Талас шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өз ишинин
жыйынтыктары жөнүндө жергиликтүү жамааттын алдында отчет берүүсүнүн
Типтүү Регламентин бекитүү
18. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кенештеринин депутаттарынын типтүү
Этика Кодексин бекитүү
19. Аксакалдар сотторунун Типтүү Регламентин бекитүү
20. Аймактык шайлоо комиссиясынын жаны курамын бекитүү.
21. Мурдагы Талас шаардык ИИБнын имаратын( бала бакча салуу максатында) муниципалдык менчиктен мамлекеттик менчикке өткөрүү
Сессиянын жыйынтыгында тиешелүү токтомдор кабыл алынып, аткарууга жөнөтүлдү.