Бүгүн Талас шаардык кеңешинин IX чакырылыштагы кезектеги XI сессиясы болуп өттү.
Сессияга Талас шаарынын мэринин орун басары Айбек Көчөрбаев, Талас шаардык кеңешинин төрагасы Калыс Джаныбеков, шаардык кеңештин депутаттары жана мекеме-ишканалардын жетекчилери катышты.
Жыйындын башында сыйлоо аземи өткөрүлүп, кызматтык милдеттерин жигердүүлүк менен аткарып келген бир катар жетекчилерге жана кызматкерлерге Талас шаардык кеңешинин Ардак грамоталары тапшырылды.
Күн тартибине бюджеттик, социалдык жана шаардык инфраструктурага байланыштуу жалпы 15 маселе коюлду. Сессиянын жүрүшүндө айрым маселелер боюнча депутаттар тарабынан сунуш-пикирлер айтылып, талкуулар жүрдү.
Жыйынтыгында Талас шаарында коомдук транспорттун ишин жана калктуу жаңы конуштардын чегинде каттамдарды жөнгө салуу маселеси кийинки сессияга калтырылды. Ошондой эле Талас шаарынын Мырзалиев көчөсү, 72/4 дарегинде жайгашкан 803,4 чарчы метр жер тилкесин К-2 аймагынан Ж-1 аймагына которууга макулдук берүү маселеси колдоо тапкан жок.
Калган 13 маселе депутаттар тарабынан колдоого алынып, бир добуштан кабыл алынды