Жаңылыктар

Талас шаардык кеңешинин кезексиз IX сессиясы өттү

15.10.2025  11:46     Кароолор (20)

2025-жылдын 14-октябрында Талас шаарындагы А.Огонбаев атындагы балдар музыкалык мектебинде Талас шаардык кеңешинин кезексиз IX сессиясы өттү. Сессияга Талас шаарынын мэри Нургазы Асылбеков, Талас шаардык кеңешинин төрагасы Калыс Джаныбеков жана шаар депутаттары, мекеме ишканалардын жетекчилери катышты.

Күн тартибинде 4 маселе каралды. Алардын катарында:

• жергиликтүү жамааттык курултай жөнүндө;

• шаар калкынын тынчтыгын камсыздоо жана коомдук тамактануу жайларында санитардык талаптарды аткаруу эрежесин бекитүү тууралуу;

• Шамбетов көчөсүндөгү айрым жер участокторун коммерциялык активдүүлүк аймагына которуу маселеси боюнча сунуштар талкууланды.

• “Талас жол чарба” муниципалдык ишканасынын асфальт-бетон заводунун прейскурантын бекитүү сунушталды.