Бүгүн, 12-июнда, Талас шаарынын мэриясынын жыйындар залында Талас шаардык кеңешинин IX чакырылыштагы кезектеги XV сессиясы болуп өттү.
Сессияга Талас шаарынын мэри Нургазы Асылбеков, шаар мэринин орун басары Айбек Көчөрбаев, шаардык кеңештин төрагасы Калыс Жаныбеков, төраганын орун басары Алибий Жуманов, депутаттар жана мекеме-ишканалардын жетекчилери катышты.
Күн тартибинде 18 маселе каралып, муниципалдык мекемелердин ишмердүүлүгү боюнча отчеттор угулду. Ошондой эле жергиликтүү жамааттарды колдоо, курулуш жана архитектуралык талаптарды сактоо, таза суу жана саркынды суу тутумдарын өнүктүрүү, жер тилкелерине байланышкан бир катар маселелер талкууланды.
Талкуунун жыйынтыгында 16-маселе кийинки сессияга жылдырылып, калган маселелер боюнча тиешелүү чечимдер кабыл алынды.