2025-жылдын 29-августунда Талас шаардык кеңешинин IX чакырылыштагы кезектеги VIII сессиясы А. Огонбаев атындагы балдар музыкалык мектебинин кичи жыйындар залында болуп өттү.
Сессияга Талас шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Айбек Көчөрбаев, Талас шаардык кеңешинин төрагасы Калыс Джаныбеков, төраганын орун басарлары Алибий Жуманов жана Азис Курамаев, шаардык кеңештин депутаттары, мекеме-ишканалардын жетекчилери жана шаар тургундары катышты.
Күн тартибинде шаардык социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасынын аткарылышы, жергиликтүү бюджеттин жыйынтыктары, мекеме-ишканалардын ишмердүүлүгү, социалдык жана маданий багыттагы маселелер, ошондой эле шаардык кеңештин бир катар жоболору менен токтомдоруна өзгөртүүлөрдү киргизүү сыяктуу маанилүү маселелер каралды