Бүгүн, 24-ноябрда, Талас шаардык кеңешинин кезектеги X сессиясы А.Огонбаев атындагы балдар музыкалык мектебинде өттү.
Сессияга Талас шаарынын мэри Нургазы Асылбеков, Талас шаардык кеңешинин төрагасы Калыс Джаныбеков, анын орун басарлары Азис Курамаев жана Алибий Жуманов, шаардык кеңештин депутаттары жана мекеме-ишканалардын жетекчилери катышты.
Жыйындын күн тартибине жалпы 18 маселе каралып, бардыгы бир добуштан депутаттардын колдоосу менен кабыл алынды. Алардын негизин шаардык бюджетке байланышкан маселелер түздү. Бюджеттик тармактагы өзгөртүүлөр, кошумчалар жана каражаттарды натыйжалуу бөлүштүрүү боюнча сунуштар кеңири талкууланып, тиешелүү чечимдер кабыл алынды.