Талас шаарынын мэриясынын 2024-жылдын 5-декабрындагы буйругу менен Рахимжан Тыналиев Талас шаардык көркөм сүрөт музейинин жетекчиси болуп дайындалды.
Тыналиев Рахимжан Белекович 1994-жылы 30-октябрда Талас районунун Жон-Арык айылында жарык дүйнөгө келген. Учурда үй-бүлөлүү. Бир кыздын атасы. Билими жогорку: Кыргыз Республикасынын Т. Сыдыков атындагы улуттук көркөм сүрөт академиясын 2012-2017-жж аралыгында окуп, ийгиликтүү аяктаган.
Рахимжан Тыналиев 2017-жылы эмгек жолун эркин сүрөтчү болуп баштаган. 2020-2021-жж Манас районундагы Ө.Израйилов атындагы орто мектебинде сүрөт сабагынын мугалими, 2020-2024-жж Талас районунун А. Нуржанов атындагы орто мектебинде сүрөт сабагынын мугалими жана директордун тарбия иштери боюнча орун басары, 2024-2025-жж "Баластан" балдарга билим берүү борборунда сүрөт сабагынын мугалими болуп эмгектенген.
Талас шаардык көркөм сүрөт музейинин жетекчиси болуп жаңыдан дайындалган Тыналиев Рахимжан Белековичти жаңы кызмат орду менен куттуктап, алдыдагы иштерине зор ийгиликтерди каалайбыз!