Бүгүн, 28-мартта Талас шаарынын мэриясынын жыйындар залында шаардагы мекеме-ишканалардын жетекчилеринин катышуусунда кеңешме өттү. Жыйынга мэр Байышбек Астанакулов төрагалык кылып, мэриянын кызматкерлери жана ММК өкүлдөрү катышты.
Негизги маселелер:
1. Жаңы жетекчилерди тааныштыруу.
2. Шаардын социалдык-экономикалык өнүгүүсү боюнча отчеттор
• Турак жайлар жана административдик имараттарды камсыздандыруу боюнча иштин жүрүшү каралды.
• Салык мыйзамдарындагы өзгөрүүлөр боюнча ишкерлерге түшүндүрүү иштеринин жүрүшү жана аткарылган иштер тууралуу маалымат берилди.
• Шаардын социалдык-экономикалык өнүгүүсү: Өнүгүүнүн ар кайсы багыттары, анын ичинде инфраструктуралык жана социалдык долбоорлордун ишке ашырылышы боюнча отчеттор угулду.
• Билим берүү тармагы: 2024-2025-окуу жылындагы предметтик олимпиадалардын жыйынтыгы жана ЖРТга даярдыктын абалы боюнча маалымат берилди.
• Саламаттыкты сактоо: Кызамык оорусун алдын алуу боюнча көрүлгөн чаралар талкууланды.
3. Талас шаарын өнүктүрүү боюнча долбоорлордун аткарылышы
• Социалдык объектилер курулуучу жерлердин багытын өзгөртүү боюнча иштерди тактоо.
• Муниципалдык ишканаларды чарбалык эсепке өткөрүү жана иш кагаздарын ирээтке келтирүү мөөнөттөрүн аныктоо.
• 2025-жылы ишке ашырылып жаткан шаардык долбоорлор боюнча мэрдин программасына өзгөртүүлөрдү киргизүү.
• 2024-жылы башталган жана 2025-жылы улантылып жаткан долбоорлордун (жол, тротуар, жарыктандыруу, заводдор, аттракциондор) аткарылышы боюнча толук маалымат алуу.
• Телефон жана интернет байланыш мамыларын жылдыруу маселеси.
• Шаардын ирригация системасын “Талас Жашыл чарба” муниципалдык ишканасына өткөрүп берүү.
4. Экология жана санитардык тазалыкты жакшыртуу
• “Жашыл Мурас” улуттук кампаниясынын алкагында жана Улуттук тазалык күнүнө карата шаар ичин жашылдандыруу, бак-дарак жана гүл отургузуу боюнча тапшырмалар берилди.
• Бардык мекеме-ишканалар жана жеке менчик уюмдар өз аймактарын тазалоо жана көрктөндүрүү иштерин активдүү жүргүзүүгө чакырылды.
Кеңешменин соңунда, тиешелүү жетекчилерге аткарылып жаткан иштерди сапаттуу жана өз убагында бүтүрүү тапшырмасы берилди