Бүгүн, Талас шаарынын мэри Нургазы Асылбековдун жетекчилиги алдында мекеме-ишканалардын жетекчилеринин катышуусунда кезектеги аппараттык жыйын өткөрүлдү.
Жыйында Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 35 жылдыгына карата даярдык иштерине өзгөчө көңүл бурулуп, учурда аткарылып жаткан иш-чаралардын жүрүшү кеңири талкууланды.
Талас шаарындагы жолдорду , сейил бактарды жана башка инфраструктуралык объекттерди белгиленген мөөнөттө бүтүрүү зарылдыгы эскертилди.
Мындан тышкары, шаар аймагында санитардык тазалыкты камсыздоо, жашылдандыруу иштерин күчөтүү, бак-дарактарды иретке келтирүү боюнча тиешелүү тапшырмалар берилди.
Жыйындын соңунда мэрия жетекчилиги тарабынан бардык мекеме-ишканаларга пландалган иштерди өз убагында, сапаттуу жана так аткаруу боюнча конкреттүү тапшырмалар жүктөлдү.