Жаңылыктар

Талас шаары боюнча 9 эне – «Баатыр Эне» наамын, 8 эне – «Эне даңкы» төш белгисин алышты.

14.11.2025  15:31     Кароолор (23)

Бүгүн, Талас шаарындагы «Ансар» ресторанында облус боюнча энелерди сыйлоо иш-чарасы өттү. Салтанатта көп балалуу энелерге «Баатыр Эне» жана «Эне даңкы» төш белгилери тапшырылды.

Иш-чарага КР Президентинин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эрмат Жумаев жана Талас шаарынын мэри Нургазы Асылбеков катышты. Жетекчилер апаларды куттуктап, энелердин коомдогу орду, балдарды тарбиялоодогу эбегейсиз эмгегин баса белгилеп таазим кылышты.

Талас шаары боюнча: 9 эне – «Баатыр Эне» наамын, 8 эне – «Эне даңкы» төш белгисин алышты.

Бүгүн, Талас шаарындагы «Ансар» ресторанында облус боюнча энелерди сыйлоо иш-чарасы өттү. Көп балалуу энелерге «Баатыр Эне» жана «Эне даңкы» төш белгилери салтанаттуу тапшырылды.

Иш-чарага КР Президентинин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эрмат Жумаев жана Талас шаарынын мэри Нургазы Асылбеков катышты. Сөз кезегинде энелердин коомдогу орду, балдарды тарбиялоодогу эбегейсиз эмгеги өзгөчө белгиленди.

Иш-чара маданият кызматкерлеринин концерттик программасы менен коштолду.