Жаңылыктар

ТАЛАС ШААРЫНА ЖАҢЫ МЭР ДАЙЫНДАЛДЫ

17.08.2024  13:10     Кароолор (32)

Талас шаарынын мурдагы мэри Эрмат Джумаев КР Президентинин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү кызматына дайындалганына байланыштуу ордуна бүгүн 17-августта Талас шаарынын мэри болуп Байышбек Астанакулов дайындалды.

КР Президентинин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эрмат Джумаев жаңы калаа башчы Байышбек Астанакуловду мэриянын жалпы эмгек жамаатына, мекеме-ишкана жетекчилерине тааныштырып, жаңы мэрдин мындан аркы кадамдарына зор ийгиликтерди каалады.

Иш-чарага облус башчысы Эрмат Джумаев, биринчи орун басары Талант Эдилов, шаардык кеңештин төрагасынын орун басары Азис Курамаев , район акимдери, шаардык кеңештин депутаттары, мекеме-ишкана жетекчилери жана мэриянын аппарат кызматкерлери катышты.

Байышбек Астанакулов буга чейин Ысык - Көл облусунун Тоң районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы болуп эмгектенген. Астанакулов Байышбек Кахроманович 1988-жылы 13-мартта Баткен облусунун Кадамжай районундагы Жал айылында туулган. Кесиби: финансист жана юрист.

Белгилей кетсек, Талас шаарынын мурдагы мэри Эрмат Джумаев 1 жыл 3 айга жакын убакыт Талас шаарында калаа башчылык кызматты аркалап бир топ алгылыктуу иштерди жетектеди.

Жаңыдан Талас шаарынын мэри болуп дайындалган Астанакулов Байышбек Кахромановичтин алдыдагы жооптуу иштерине зор ийгиликтерди каалап, жаңы кызмат орду менен куттуктайбыз! Аракетке бай иштерди жетектеп, жемиштүү иш алып баруусуна тилектешпиз!