Жаңылыктар

ТАЛАС ШААРЫНА ЖАҢЫ МЭР ДАЙЫНДАЛДЫ

09.10.2025  11:32     Кароолор (25)

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Нургожоевич Жапаровдун тескемеси менен Асылбеков Нургазы Чолпонкулович Талас шаарынын мэри болуп дайындалды.

Бул чечим Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренесине жана “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамдын 47-беренесине ылайык кабыл алынган.

Жаңы дайындалган мэрди КР Президентинин Администрациясынын уюштуруу иштери жана аймактар менен өз ара аракетенүү бөлүмүнүн мамлекеттик инспектору Джумагулов Илимбек Ташбооевич шаар мэриясынын эмгек жамаатына тааныштырып, ишине ийгилик каалады.

Нургазы Чолпонкулович буга чейин Кыргыз Республикасынын Президентинин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары кызматын аркалап келген. #Таласмэрия