Жаңылыктар

Талас шаарында 12 көчөгө асфальт төшөлөт

02.04.2026  11:56     Кароолор (12)

Талас шаарынын мэринин орун басары Айбек Көчөрбаевдин жетекчилиги алдында 2026-жылга карата шаардагы жолдорду капиталдык оңдоо жана жаңы жолдорду куруу боюнча комиссиянын жыйыны өткөрүлдү.

Жыйында КР Президенти Садыр Жапаров тарабынан турукташтыруу фондунан бөлүнгөн 910 млн сом каражаттын эсебинен жалпы 28 чакырым болгон 12 көчөгө асфальт төшөө планы талкууланды.

Ошондой эле аталган иштерди сапаттуу жүргүзүп, Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнүнө чейин толук бүткөрүү зарылдыгы белгиленди.