Жаңылыктар

ТАЛАС ШААРЫНДА 2024-ЖЫЛГА БӨЛҮНГӨН КВОТА БОЮНЧА ИШТЕР ЖҮРГҮЗҮЛҮҮДӨ

19.09.2024  16:36     Кароолор (13)

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 15-июнундагы “Социалдык жардам берүү жөнүндө” токтомунун негизинде 2024-жылга Талас шаарына жалпы 180 квота бөлүнгөн. Учурда аз камсыз болгон 54 үй-бүлө социалдык контракт боюнча жардам алып, активдери тапшырылды. Сентябрь айында өткөн 2 отурумдун жыйынтыгында 76 бизнес-пландын ичинен 67 план тандалып, убактылуу комиссия тарабынан социалдык келишим түзүү чечими кабыл алынды.

Жалпы алганда, 121 үй-бүлө менен социалдык келишим түзүлөт. Учурда аткаруу көрсөткүчү 67,2% түзүп, калган 59 квота боюнча арыздарды кабыл алуу иштери уланууда.